Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенгендерге карата өлүм жазасы киргизилиши мүмкүн экенин айтты. "Кылмыш жасалганы шексиз, бул – чыккынчылык” деп Эрдоган CNN`ге 18-июлда берген маегинде билдирген. "Азыр өлүм жазасы Америкада, Орусияда, Кытайда, башка өлкөлөрдө жокпу? Өлүм жазасы Евробиримдикте гана жок" деген президент эгер Түркия эли өлүм жазасына тартууну талап кылып, парламент макул болсо, өлүм жазасын киргизүүгө даяр экенин белгилеген. "Албетте, бул иш аткарылыш үчүн парламенттин чечими керек. Бул конституциялык чара катары колдонулушу зарыл, депутаттар бул ишти талкуулашы керек. Эгерде парламент талкуулаганга макул болсо, мен президент катары парламенттин чечимин кабыл алам”, - деп жарыялады президент.
1999-жылы Орусиянын Конституциялык Соту өлүм жазасына өкүм чыгарууга мораторий киргизген. Ал эми Түрк Республикасы Евробиримдикке кирүү максатында 2003-жылы өлүм жазасын алып салган. Бул чара Евробиримдикке мүчө болчу өлкөлөргө болгон талап.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчиси Алексей Пушков: “Эрдоган өлүм жазасы кайра киргизилиши мүмкүн экенин четке какпайт. Бул Түркия үчүн Евробиримдиктен чыгып калуу коркунучун жаратат, Евробиримдикке кирүүдөн бир жолу кол жууп калуу дегенди билдирет”, - деген. Муну менен бирге БУУ жана Евробиримдиктин өлкө башчылары Эрдогандын сөздөрүн кескин сындап жаткандары маалым.
Эске салсак, акыркы расмий маалыматка ылайык, ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштө 290 адам мерт болуп, төңкөрүшкө тийиштүү деп 9332 адам кармалган.