Япония Кыргызстанга жардам көрсөткөндүгү үчүн 150 даана сакура белекке берди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Япония Кыргызстанга 2011-жылы болгон жер титирөөдө жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык иретинде 150 даана сакуранын көчөтүн тартуулады. Көчөттөрдү Япониянын атынан "Мори Траст" компаниясы берген. Ошондой эле "Мори Траст" компаниясы Кыргызстандын үч балдар үйүнө 9 тигүү машинасын белек кылганын кошумчалап кетебиз.