Ички иштер министри Шамиль Атаханов Кытайдын коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлү менен баарлашты

Бүгүн КРнын ички иштер министри Шамиль Атаханов Кытайдын коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлү Дай Сюйкуй менен жолугушуу өткөрдү. Пикир алышууда Шамиль Атаханов эки тараптуу кызматташтыктын бийик деңгээлге өсүп чыкканын белгилеп, кытайлык кесиптештеринин ар дайым колдоо көрсөтүп келгенине токтолду. Кытайлык өкүл да өз учурунда Шамиль Атахановдун жаңыдан министр болуп дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн мындан аркы достук, кызматташтык мамилелеринин бекемделе турганын айтты. Ошондой эле Атаханов Кытайдын коомдук коопсуздук министри Мэн Цзянчжуга жардам катары Кыргызстанга атайын каражаттарды бөлүп берүү чечими үчүн ыраазычылык билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан