Өкмөт башчы: "Экспортко багытталган ишканалардын санын көбөйтүү керек"

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Москва районундагы жем чыгаруучу "Кыргыз корм" ишканасынын жана сүт азыктарын чыгарган "Ак сүт" ишканасынын иши менен таанышты.

"Ак сүттүн" директору ишкана тарабынан чыгарылган азыктар Орусия менен Казакстанга экспорттолуп жатканын билдирсе, "Кыргыз кормдун" жетекчиси ишкананын мүмкүнчүлүктөрү жана балык үчүн жем чыгаруу пландары тууралуу айтып берди. Бул ишканадан чыгарылган продукциялар Тажикстанга экспорттолууда.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, экспортко багытталган ата мекендик ишканаларды колдоо өкмөттүн ишинин негизги приоритеттүү башкы багыттарынын бири болуп саналат. Өкмөт башчы экспортко багытталган ишканалардын санын көбөйтүү менен чыгарылган продукциялардын сырткы рыноктун талаптарына жооп бергидей жогорку сапатта болуусу зарыл экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан