Кыргызстанда ооруканалардын 60 пайызы гана автоунаа менен камсыз болгон

КРнын Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева бүгүн ЖКда өлкөдөгү ооруканалардагы унаа жетишсиздигин айтты. "Кыргызстан боюнча алганда райондук ооруканалардын 60%ы гана автоунаалар менен жабдылган. Ал эми жалпы автопарктын 70%ы иштен чыккан абалда. Ушундай учурда дарыгерлердин оорулууларга өз убагында жетип барып, жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок болуп келет. Бул көйгөйдү жок кылуу үчүн райкеңештердин унааларынын медициналык мекемелердин пайдалануусуна берилип жатканы туура чечим болду" - дейт министр. Айта кетсек, бүгүн жогоруда аталган комитеттин депутаттары, жакында жоюлган райкеңештин карамагындагы унааларды медицина тармагына өткөрүп берүү маселесин колдоого алышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан