Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров 11-августта Кыргыз Республикасына иш сапары менен келген Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Мохаммад Ханиф Атмар менен жолугушту. Коргоо кеңешинин катчылыгынан кабарлашкандай, жолугушууда Жумакадыров Кыргыз Республикасы Ооганстан менен эки тараптуу кызматташууну активдештирүүнү күчөтүүгө маани берерин белгиледи. Ошондой эле катчылар Ооганстандагы азыркы абалды, анын Орто Азияга тийгизген таасирин жана экстремизмге, терроризмге, баңгизат менен адам сатууга каршы турууну талкуулашты.