"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча 59 килограмм салмакта килемге чыккан Арсен Эралиев коло медалга 1 кадам жетпей калды. Ал коло үчүн болгон беттеште өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадовго утулуп калды (13: 8 эсебинде).
Алгачкы баскычта өзбек спортчусу 5 упайга ээ болду. Экинчи баскычта А.Эралиев ыкма колдонуп, 6 упайга ээ болду жана эсеп катыштыгында алдыга чыккан. Бирок ийгилик ташы атаандаш тарапка ооп, ал упайларынын санын арттырды. Калыстын ишмердүүлүгүнө нааразы болгон машыктыруучуларыбыз акыркы эпизодду кайра карап чыгууну суранышты. Эгерде калыстар баары жайында деп чечишсе, орунсуз нааразычылык үчүн өзбек балбанына дагы упай берилмек. Калыстар чечим чыгарып, 1 упай менен катар өзбек балбанына психологиялык артыкчылык берип коюшту. Жыйынтыгында 13:8 упай катыштыгы катталып, коло медаль коңшуларга кетти.
Кошумчалай кетсек, спортчубуз алгачкы беттешинде учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулуп калган. Атаандашынын финалга чыкканы Арсенге коло медаль үчүн кармаш өткөрүү укугун берген. Коло медалга карай кармашта алгач спортчубуз кытайлык балбан Ванг Люмин менен беттешти. Анда 4:2 эсеби катталып, Эралиев жеңишке жетишкен.