Сочиде 12-августта өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында ЕАЭБдин процесстерин тереңдетүүгө багытталган маселелер талкууланды. Өкмөттөн билдиришкендей, ЕАЭБ курамындагы өкмөт башчыларынын жыйынында бир катар документтерге кол коюлду, алар:
- “Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодекси жөнүндөгү келишимдин долбоору жөнүндөгү” буйрук. Бажы кодекси ЕАЭБ курамындагы өлкөлөргө макулдашууга жөнөтүлдү.
- “Товарлардын айрым категорияларына көзөмөл (бирдейлештирүү) белгилерин маркировкалоонун механизмин ишке ашыруу жөнүндөгү” чечим.
- “Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүнө байланыштуу Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы аймагына товарларды ташуу жана кайрылуу тууралуу чечим.
- "Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттерде товарларды кайра карап чыгууну камсыз кылуунун негизги механизмин түзүү" боюнча буйрук жана башкалар.