“This is girl's time” аталыштагы Бишкекте футбол боюнча кыздар арасында республикалык мелдештин жарым финалынын катышуучулары кечээ, 10-апрелде аныкталды. Айта кетсек, "Бишкек-1” – "Бишкек-2" 17:0, “Жалал-Абад” – “Талас” 3:1, “Чүй” – “Абдыш-Ата” 6:2, “Ысык-Көл” – “Ош” 9:1 эсебинде оюндун 3-күнү жыйынтыкталды. Ал эми бүгүн жарым финалдын катышуучулары “Бишкек-1” – “Чүй”, “Ысык-Көл” – “Жалал-Абад” командалары беттешет.