Жолдордун сапаты талапка жооп бергидей жана жаратылыш кырсыктарына чыдамдуу болуш керек. Бул тууралуу 17-августта Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл аймагына бир күндүк иш сапары менен барганда Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун, Балыкчы шаарынын ичиндеги бүткөрүлүп жаткан 8 чакырым жолдун курулушу менен таанышкан учурда билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун Балыкчы шаарынын ичиндеги тилкеси дээрлик аяктап, жакынкы күндөрү колдонууга берилет.
Биринчи вице-премьер-министр андан чыгып "Тамчы" Эл аралык аэропортуна барып, аэропорттун II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келчү туристтерди тосуп алууга даярдыгы менен таанышты. Азыркы тапта аэропортто текшерүүчү инспекторлор экөө болгондуктан, келген коноктордун агымына жараша дагы кошумча адистерди тартууну тапшырды.
Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Чолпон-Ата шаарындагы сел жүргөн көчөлөрдүн жана
"Рух-Ордо" эс алуучу этнографиялык комплексинин абалы менен да таанышып кайтты. Учурда комплексте селден кийинки тазалоо иштери толук бүткөрүлгөн. Өкмөт тарабынан мындай табият кырсыктарынын алдын алуу жана алардан зыян тартпагандай деңгээлде дайыма даяр болуу милдеттери тапшырылды. Андан сырткары ал II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга да барып, андагы жолдордун ат майдандын курулушу менен таанышты. Биринчи вице-премьер-министр курулуп жаткан объекттердин баары табият кырсыктарына туруштук бере ала тургандай болушун эскертип, суу каналдарынын сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана селден тосуучу жабдыктарды орнотууну тапшырды.