Темир Сариев Конституцияны шашылыш өзгөртүүгө каршы экенин билдирди

Мурунку премьер-министр Темир Сариев Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеген Жогорку Кеңештеги 5 фракциянын лидерлерине кайрылуу жасады. Кайрылуусунда экс-премьер Конституцияны өзгөртүү аракетинин тегерегиндеги талкууларга дыкат көз салып турганын жана 1 ай мөөнөт талкуулоого аздык кыларын айтат.

"Коомдук талкууга деп силер сунуштаган 1 айлык мөөнөт өтө аз. Бул убакытта талкуу жүргүзүү, бардык сунуштарды топтоо, аларды экспертизадан өткөрүү, аларды Конституциянын долбооруна киргизүү же киргизбөө чечимин кабыл алуу кыйын. Эгерде бүгүнкүнү коомдук талкуу десек, анда элдин сунуштарын ким топтоп, ким баалайт? Эгерде муну менен бийликтеги партиялар алектенсе, анда мындай процедуралардын легитимдүүлүгү шек жаратат. Ошондуктан атайын орган - Конституциялык кеңешме түзүү зарыл. Ага бийликтин өкүлдөрү эле эмес, оппозиция, белгилүү эксперттер кириши шарт. Ошондо гана коомдук талкууну толук кандуу деп айтууга болот. Бардык коомдук-саясий күчтөрдүн, компетенттүү адистердин пикирин угуу кажет", - дейт Темир Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан