Вице-премьер Жеңиш Разаков: "Өзбекстандын позициясы түшүнүксүз болууда"

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргыз мамлекетинин төрт жаранынын кармалышы боюнча фактыга байланыштуу кырдаал, жалпы чек ара боюнча маселелер өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө турганын 26-августта айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлигине, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берген. Үңкүр-Тоо боюнча Кыргыз мамлекетинин позициясы белгилүү – аталган тилке макулдашылган эмес. Мындан улам Өзбекстандын позициясы түшүнүксүз болууда", - деп белгиледи
вице-премьер-министр.

Ал өкмөттүн ыйгарым укуктуу түзүмдөрү азыркы учурда өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады. "Кыргыз өлкөсүнүн кармалган төрт жаранынын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланышып жатабыз", - деди Разаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан