Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-августта Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык-инфраструктуралык объектилерди кыдырды.
Алгач Балыкчы шаарындагы Ж.Абдрахманов атындагы борбордук көчөнүн курулуш иши менен таанышты. Ал курулуш учурунда кетирилген кемчиликтерди көрсөтүп, жол четине тосмолордун сапатсыз коюлганын жана бардык кемчиликтерди жоюп, аткарылган жумуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Андан ары Тамчы айылында жайгашкан (47 чакырым) Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жол тилкесинин курулуш ишинин жүрүшүн көрдү. Транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Аталган тилекедеги (Тамчы айылындагы аэропорттон Чолпон-Ата шаарына чейин) жумуш пландаштырылгандай 2016-жылдын 28-августунда бүткөрүлөт. Ал эми Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушу 2017-жылдын августунда толугу менен бүткөрүлүшү керек.
Өкмөт башчы мындан тышкары II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттук ат оюндары жана майрамдык иш-чаралар өтүүчү Кырчын жайлоосуна барды. Ушул жылдын 28-августуна чейин Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын орун алышына байланышкан бардык маселелерди чечүүнү тапшырды.
Андан соң Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылындагы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата салынып жаткан ат майданына жана дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексине барды. Премьер-министр белгилегендей, мындай комплекстердин курулушу спортту өнүктүрүүгө жана сергек жашоону туу туткан келечек муунду тарбиялоодо жагымдуу шарттарды түзөт. “Мындай мекемелерде эл аралык аренада биздин өлкөнүн желегин бийик көтөргөн келечектеги Олимпиаданын жеңүүчүлөрү тарбияланып чыгат”, - деп белгиледи Жээнбеков.
Тийиштүү министрлик жана ведомстволорго Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата бардык даярдыктарды белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.