Нурсултан Назарбаев Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын курман болушуна алып келген окуяларга байланыштуу көңүл айтты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын курман болушуна алып келген кайгылуу окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз жарандарынын курман болушуна алып келген Москва шаарындагы басмаканадан чыккан өрт жана Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бир тууган кыргыз элинин аза кайгысын тең бөлүшүү менен Казакстан элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам”, - деп айтылат Казакстандын президентинин телеграммасында.

Мындан тышкары Нурсултан Назарбаев жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан