Өкмөт бүгүн коомдук коопсуздук маселесин талкуулоо үчүн кеңешме өткөрөт

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн, 30-августта өлкөдөгү майрамдык жана спорттук иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрөт.

Кеңешмеге Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик коргоо комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилери катышат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков күч блогунун өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасындагы Кытай Элдик Республикасынын элчилигинин аймагында бүгүн орун алган террордук иш-аракетке байланыштуу коомдук коопсуздук маселесин талкуулайт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан