Алмазбек Атамбаев Кытайдын элчилигиндеги жардырууну кылдаттык менен иликтөөнү тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин бүгүн, 30-августта Кытайдын Бишкектеги элчилигинде болгон жардыруу боюнча маалыматтарын укту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Абдил Сегизбаевге жана Ички иштер министрлигинин башчысы Кашкар Жунушалиевге аталган жардырууну кылдаттык менен иликтөөнү тапшырды. Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго тергөө иштерин өз көзөмөлүнө алуу тапшырмасы берилди.

"Мындан тышкары президент өкмөткө жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине борбор калаада жана аймактарда террорчулукка каршы иш-аракеттерди жүргүзүүнү буюрду. Ошондой эле мамлекет башчы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу эл чогулган жерлерде коопсуздукту камсыз кылууну тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан