Жеңиш Разаков коомдук коопсуздукту бекемдөө чараларын күчөтүү тапшырмасын берди

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн, 30-августта кеңешме өткөрдү. Жолугушууга укук коргоо органдарынын жетекчилери, саламаттык сактоо министри, өзгөчө кырдаалдар министри, Бишкек ШИИББинин башчысы жана Бишкек шаарынын мэри катышты.

Анда массалык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан маселелер талкууланды. Жеңиш Разаков тиешелүү органдарга массалык
иш-чаралар учурунда коомдук тартипти натыйжалуу уюштуруудагы иштерди күчөтүүнү, ал үчүн башка мекемелердин кызматкерлерин тартууну тапшырды.

Укук коргоо органдарынын башчылары Кытай элчилигиндеги бүгүнкү окуяларга байланыштуу бүтүндөй өлкө боюнча коомдук тартипти камсыз кылуу максатында күчтөрдү жана ресурстарды бекемдөө үчүн кошумча чаралар кабыл алынганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан