Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн эгемендүүлүктүн 25 жылдыгынын салтанатында сүйлөп жатып Убактылуу өкмөттүн дарегине катуу сындарды айткан эле. Учурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өз пикирлерин билдиришүүдө. Алардын бири Эмилбек Каптагаевдин SUPER.KG'ге билдиришинче, Атамбаевдин айткандары чындыкка жатпайт. "Эмоцияга алдырып сүйлөп койду. Өз оюн айткан катары кабыл алсак болот. Жооп бериш керек болсо, жооп беребиз. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кудай алдында да, эл алдында да жоопкерчиликтен качкан эмес, эч качан качпайбыз", - деди Каптагаев.