Олег Панкратов: "Мамлекеттик кепилдик фонду ушул жылы өзүнүн толук кандуу ишин башташы керек"

"Мамлекеттик кепилдик фонду үстүбүздөгү жылы өзүнүн толук кандуу ишин башташы керек". Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов 1-сентябрда Мамлекеттик кепилдик фондунун ишмердүүлүгүнө тийиштүү өткөрүлгөн кеңешмеде билдиргенин өкмөттөн кабарлашты. Маалым болгондой, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун 2016-жылдын 18-августундагы буйругу менен мекеменин уставы бекитилген.

"Кичи жана орто бизнес кепилдик фондуна чоң үмүттөрдү артып жатканын эске алуу менен аны юстиция органдарында каттоо жана уставдык капиталды уюштуруу боюнча ишти тездетүү зарыл. Ишкерлер өз өндүрүшүн өнүктүрүүдө өкмөттөн реалдуу жардам күтүүдө жана биз аларга иш жүзүндө көмөк көрсөтүүбүз шарт", - деди Панкратов.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Панкратов Экономика министрлигине, Каржы министрлигине жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна Мамлекеттик кепилдик фондунун ишмердүүлүгүн жакын арада баштоого мүмкүндүк берүүчү уюштуруучу, юридикалык, каржылык жана башка маселелерди ыкчам чечүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан