Мурдагы маданият министри, "Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бири Нурлан Шакиев кыргыз-өзбек чек ара маселеси чечилбей турган чакта парламенттин дагы 10 күндөн ашык убакытка эс алууга кеткенин сындап чыкты. Ал "Жогорку Кеңеш Үңкүр-Тоого өзбекстандык десанттардын түшүүсүн, ал жерде иштеп жаткан кыргызстандык төрт жумушчунун кармалышын, талаштуу чек ара маселелерин кечиктирбей талкуулашы керек болчу" деген оюн "Азаттык" радиосуна билдирди.
"Парламенттин эки ай эс алганы аз келгенсип, дагы он эки күнгө тараганы туура эмес. Мындай парламенттин эмне кереги бар? Анда тарашы керек. Төрт жаран камакта жатса, булар эмнеге жыргап жүрүшөт?" - дейт Шакиев.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеш 12-сентябрга чейин пленардык жыйындарын өткөрбөөнү чечкен. Мындай демилгени КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев сунуштаган. "Жакында Көчмөндөр оюндары өтөт, депутаттардын көбү ага барышат. Мындан тышкары Курман айт болот. Буга байланыштуу бир топ депутаттар жалпы жыйындарга катыша албайт", - деген Рыспаев. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 69 депутат К.Рыспаевдин демилгесин колдоду. Төрага Чыныбай Турсунбеков парламенттик комитеттер жана фракциялар көчмө жыйындарын өткөрө аларын баса белгиледи.
Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү өтмөкчү, Курман айт майрамы болжолдуу түрдө 12-сентябрга белгиленген.