Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында Самарканд шаарында Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзийоев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Шавкат Мирзийоев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен коштошуу зыйнатына катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Өкмөт башчыларынын жолугушуусунда соода-экономикалык өнөктөштүктүн келечеги, айыл чарба тармагындагы, транспорт инфраструктурасындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Негизги көңүл чек ара маселелерине бурулду.