"Өзбек тарап чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди" дейт Жээнбеков

Бүгүн, 5-сентябрда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жана тышкы иштер мекемелеринин башчылары менен Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үңкүр-Тоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кеңешмеде Үңкүр-Тоонун айланасындагы кырдаал жана 4 кыргыз жаранын кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.

"Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзийоев менен Самаркандда жолукканымда чек ара маселелери, кармалган кыргыз жарандары боюнча талкууладык. Өзбек тарап чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди", - деди Жээнбеков.

Премьер-министр кеңешменин катышуучуларына тиешелүү тапшырмаларды берип, Өзбекстандын мамлекеттик мекемелери менен биргеликте иш алып баруу керектигин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан