Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду эскерүү иш-чарасына катышууга бүгүн, 6-сентябрда Өзбекстанга барат. Бул тууралуу ал өзү Кытайда G20 саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында айтканын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Албетте, Өзбекстан үчүн бул чоң жоготуу. Адамдын кайтыш болгону - бул кайгылуу окуя. Каримов мага сый менен мамиле кылчу, ортобузда абдан жакшы мамиле болгон. Ал менден улуу, ал менин атымды атап, мага "сен" деп кайрылчу", - деди Путин.
Орусиянын президенти Өзбекстандын жаңы бийлиги өлкөдө туруктуулукту сактайт жана өзбек-орус мамилелеринин өнүгүүсү уланат деп үмүттөнөрүн баса белгиледи.
"Жаңы адамдар келет, алар мындан кийин эмне болорун чечишет. Алар туруктуулукту сактай алат деп үмүттөнөм. Өзбекстандай өлкө үчүн бул абдан маанилүү, мындан ары өнүгүү жана өзүн сактоо үчүн туруктуулар абдан керек. Биз болсо өз кезегибизде мындан ары алдыга жылыш үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз", - деди Орусиянын президенти.
Айта кетсек, 27-августта Өзбекстандын 78 жаштагы президенти Ислам Каримов ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Өкмөттөгү булактарына таянып өзбек оппозициясы: "Каримов Дурмень резиденциясында өткөн кечеде аракты көп ичип алгандыктан, эс-учун жоготуп жыгылып кеткен. Дарыгерлер президенттин абалы оор дешүүдө. Эгер Каримов 5 күн жашай алса, анда сакайып кете алат", - деп жазган. 29-августта "Фергананьюс" басылмасы өзбек лидеринин өлүмү тууралуу жазып чыккан. Бирок Өзбекстандын бийлиги бул тууралуу "Каримов өлгөн эмес, анын абалы туруктуу" деп билдирген эле. 2-сентябрда өлкөнүн өкмөтү анын каза болгонун жарыялаган. Эртеси Каримовдун кичи мекени Самаркандда анын сөөгү жерге берилген. Каримовду акыркы сапарга узатуу аземине Орусиядан премьер-министр Дмитрий Медведев баштаган делегация барган.
Каримов Ислам Абдуганиевич 1938-жылы 30-январда Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1989-жылы Өзбекстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. 1990-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланып, бүгүнкү күнгө чейин бул кызматты ээлеп келген.