Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын 6-сентябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасындагы Үңкүр-Тоонун айланасындагы маселе боюнча өкмөт депутаттарга маалымат берип жатат. Жыйынга фракция мүчөлөрү, өкмөт өкүлдөрү катышууда.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, Үңкүр-Тоого Өзбекстандын милиция жана чек ара аскерлерине кирүүгө уруксат жок. "Үңкүр-Тоонун аймагына Өзбекстан тараптын кирүүсүнө уруксат жок" деген протокол бар. Бирок милиция кызматкерлери 22-августта мыйзамсыз кирип келишип, телемунаранын 4 кызматкерин уурдап кетишти. Ошол күндөн бери Кыргыз өлкөсүнүн 4 жаранын бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга жасаган сапарында өлкөнүн премьер-министри Шавкат Мирзийоев менен жолугушуп, сүйлөшүп кайтты. Мирзийоев Тышкы иштер министрлиги аркылуу сүйлөшүп, Кыргыз Республикасынын 4 жаранын бошотууга жардам берерин убада кылды", - деди Разаков.