Кыргыз-өзбек чек арасындагы маселе боюнча абал өтө оор экендиги Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жабык эшик артында өткөн жыйынынан кийин белгилүү болду. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев өзбек тарап үч талап коюп жатканын билдирди. "Орто-Токой суу сактагычындагы кыргыз милициясынын постун алып салуу, электр энергиясын берүү жана тамак-аш киргизүү талаптарын коюп жатышканын бүгүн Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев маалымдады", - деди Төрөбаев.
Ошондой эле ал депутаттар тарабынан Үңкүр-Тоо боюнча протоколду жокко чыгаруу тапшырмасы коюлганын белгиледи. "Кыргыз мамлекети Үңкүр-Тоо биздики деген позицияда турат. Өзбек тарап да өзүнүн жери катары эсептеп жатат. Тактап жаткан адистер катачылык кетиришкен. Ошондуктан бул боюнча протоколду жокко чыгарып, кайра карап чыгууну тапшырдык. Ал эми Өзбекстандын мыйзамсыз аракеттери эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди бузуп жаткандыктан, биз Өзбекстандын парламентине атайын кайрылуу жолдоо чечимине келдик", - деди фракция лидери.