Бүгүн Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасы менен сенатынын биргелешкен жыйыны болот. Анда өлкө президентинин милдеттерин убактылуу аткаруучуну дайындоо маселеси каралат.
Өзбекстан Конституциясынын 96-беренесине ылайык, аракеттеги президент өз милдеттерин аткара албаган учурда анын милдеттери менен ыйгарым укуктары үч айлык мөөнөткө убактылуу Олий Мажлис сенатынын төрагасына жүктөлөт.
Учурда Өзбекстандын Олий Мажлис сенатынын төрагасы болуп Нигматилла Юлдашев эсептелет.
Ислам Каримовдун көз жумгандыгы тууралуу 2-сентябрда расмий түрдө кабарланган. Анын сөөгү 3-сентябрда Самарканддагы "Шахи-Зинда" мемориалдык комплексине коюлган.