КҮНСЕРЕП: Атамбаев Текебаевге эркекче жооп береби же көшөгө артында саясий куугунтукту улантабы?

Бүгүн, 8-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Кыргыз мамлекетинде XX кылымдын оорусу болгон жеке адамга сыйынуу, жеке адамды даңазалоо адаты башталдыбы? 5-класстын мектеп окуучуларына арналган кыргыз тили боюнча китеп ушундай суроону жаратууда. Бүгүн өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү кошулган мектеп окуучуларынын китеби интернет айдыңында кызуу талкууда болду. Сүрөттү интернетке 5-класстын окуучусунун апасы чыгарып “Кыргызстан ушунчалык бай өлкө, улам бир президентке арнап жаңы китеп басып чыгара алат. Мисалы, бул китептин жарамдуу мөөнөтү келерки жылы бүтөт” деп какшык аралаш пикир калтырган. Сүрөттө китеп 2015-жылы басылып чыкканы көрүнүп турат. Окуу куралынын биринчи эле темасы "Президент балдар арасында" деп аталып, Алмазбек Атамбаевдин мектеп окуучулары менен түшкөн сүрөтү коюлган. Советтер Союзу маалындагы окуу китептерине Владимир Лениндин, Иосиф Сталиндин сүрөттөрү "Бактылуу балалыгыбыз үчүн сүйүктүү Сталинге рахмат!" деген өңдүү жазуулар менен коштолуп басылчу. ХХ кылымда фашисттик Германияда Адольф Гитлерге, фашисттик Италияда Бенито Муссолиниге карата ушундай сыйынуучулук мамиле болгон. Азыр дүйнөлүк коомчулук менен катышпаган Түндүк Кореяда, Түркмөнстанда бул адат сакталып калган. “КМШдагы демократия аралчасы” деп аталып жүргөн Кыргыз мамлекетин да билинбей жүрүп диктатордук режим менен үзөңгүлөш болгон жеке адамга сыйынуу илдети каптадыбы? Президенттин ырдап чыгып, анын мамлекеттик телеканалдардан кайра-кайра даңазаланышы, президенттин жубайынын ири иш-чарага арналган социалдык роликтерге тартылышы, ажонун сүрөтү окуу китептерине басылышы мунун далили эмеспи?

Баш мыйзамды өз ыңгайына жараша өзгөртүүнү каалап жаткан бийлик менен Баш мыйзамды коргоочулардын ортосундагы келишпестик дагы бир баскычка өстү. Буга чейин эки тарап маалыматтык согушта “жеңил артиллерияны” колдонсо, эми “оор куралдарды” колдонууга өтүштү. Кечээ Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Ыңгайсыз суроолор" программасында түз эфирде президентке чакырык таштады. Дебатта Текебаевдин оппоненти катары КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов болгон. Текебаев Өмүркулов чечүүчү күч эмес экенин ачык айтты. "Эгер иш Иса Өмүркуловдо болсо, абдан жакшы болмок. Бул киши диалогго даяр. Бирок бул процесстин башка дагы маанилүү катышуучулары бар. Алар диалогго таптакыр даяр эмес. Кирпи чечендей болуп эле “сен эл саткычсың, сен сасыксың, сен бузукусуң, сенин оюң бузук” деп турат. Өзү эле эмес, президенттик аппарат башчысы Фарид Ниязов да ушинтип турат. Алардын сүйлөшөйүн деген ою жок. Эгер алар сүйлөшпөсө, анда Иса экөөбүз сүйлөшкөндөн кандай пайда?" - деди Текебаев. Ажонун мародёрлук боюнча айтылган айыптоолоруна да жооп узатып, президентке чакырык таштады. "Мародёрлорду жакшы издеп чыкса, өзүнүн партиясынан чыгат. Эгер таба албаса, мен жетелеп алып барып көрсөтөм. Мен кайрылат элем: “Атамбаев, мен, Текебаев, эч жакка качпайм. Бир жылың бар, тап! Таппасаң, мөөнөтүң бүткөндөн кийин сени менен өзүм сүйлөшөм. Эркек болсоң, тап. Мен, Текебаев, эркекмин, эч жакка качпайм!” - деди "Ата Мекендин" лидери.

Мындай “оор артиллерияны” Текебаевден мурун бийлик колдонууга өткөн. Алсак, мамлекеттик кызматтарга “Ата Мекендин” квотасы менен келген кадрлар жөндүү себептери жок кызматтан алынууда. Тактап айтканда, бийлик коалициянын курамындагы “Ата Мекенден” арылуу аракетин баштады. Кыска убакыттын ичинде Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын орун басары Канат Азиз, юстиция министринин орун басары Айбермет Кутуева, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысынын орун басары Марат Таиров кызматтан алынды. Бул айда ээлеген кызматтарынан дагы эки "ата мекенчи" кетирилиши мүмкүн деген жоромолдор жүрүп жатат. Алар өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев. Эми Атамбаев Текебаевге эркекче жооп береби же көшөгө артында саясий куугунтукту уланта береби?

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан