Өзбекстанда өлкө президентин шайлоо күнү белгилүү болду

Өзбекстанда өлкө президентин шайлоо күнү белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мырза-Улукбек Абдусаломов билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында президенттик шайлоо өтөт.

Өзбекстандын мыйзамына ылайык, убактылуу өлкө башчысы дайындалган күндөн тартып үч ай ичинде президенттик шайлоо өтүшү керек. Учурда Шавкат Мирзийоев Өзбекстандын президентинин милдеттерин убактылуу аткарып жатат.

Айта кетсек, Ислам Каримов 2-сентябрда дүйнө салганы жарыяланып, анын сөөгү 3-сентябрь күнү Самарканддагы "Шахи-Зинда" мемориалдык комплексине коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан