11-сентябрда Беларуста парламенттик шайлоо өтүп, анын алдын ала жыйынтыгы боюнча эки оппозиция өкүлү өз аймактарында жеңишке жетишти. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошинага шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Бириккен жарандык партиясынын мүчөсү Анна Конопацкая жана "Беларусь тили коомунун" төрагасынын орун басары Елена Анисим парламентке келе турган болушту. Парламенттин буга чейинки чакырылышынын курамында оппозиция өкүлдөрү жок болчу.
"Шайлоонун жеңүүчүлөрү тууралуу маалыматтар аймактардан улам-улам келип жатат. Парламенттин толук курамы жакын арада белгилүү болот. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруу органына Коммунисттик партия, Беларустун патриоттук партиясы, "Эмгек жана адилет" республикалык партиясы келмекчи", - деп жазышат басылмалар.