"Оппозиция жалпы элдик курултай чакыруунун үстүндө иш жүргүзүп жатат" дейт Равшан Жээнбеков

Оппозиция жалпы элдик курултай чакыруунун үстүндө иш жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

"Биз, башынан эле референдумга каршы болуп жаткан бардык уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү, саясатчылар, бир принципиалдуу позицияны карманганбыз. Биз эч кандай талкууга барбайбыз. Конституциянын өзгөрүшүнө, референдумга каршыбыз деген пикирдебиз. Анын маңызын талкуулабайбыз. Ошондуктан бийлик маңызын кандай гана өзгөртүп, кандай гана чегинүүгө барбасын, биз референдумга каршыбыз деген позицияда турабыз. Анткени Конституциянын 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деген туруктуулугу анын өзгөрүүсүнө караганда баалуу жана принципиалдуу болуп эсептелет", - дейт Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан