Түркияда 28 шаар мэри "Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар" делинип кызматтан алынды

Түркияда 28 шаар мэри кызматтан алынды. Бул тууралуу ВВС маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалым болгондой, өлкө бийлиги мыйзамдуу жол менен шайланган 28 шаардын мэрлерин кызматтан алгандан кийин өлкөнүн түштүк-чыгыш тарабында куралдуу кагылышуулар орун алууда. "Мындай кызматтан кетирүүлөр Түркияда аскердик төңкөрүш аракетинен кийинки кабыл алынган чечимдерге ылайык жүргүзүлгөн. Учурда мэрлердин ордуна өкмөттүн ишенимдүү кишилери кызматка келет деп белгиленди. Суруч шаарында 200дөй демонстранттар чогулган учурда аларды көздөн жаш чыгаруучу газдар менен кубалап жибергени айтылууда. Хаккари аймагында мэрдин орун басары менен үч кишини кармап кетишти. Жумуштан алынган айрым шаар башчылары "Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар" делинүүдө", - деп жазат агенттик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан