Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Москвадагы өрт боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу Орусиянын Тергөө комитетине кайрылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова билдирди.
Анын айтымында, аталган окуя Орусиянын аймагында орун алгандыктан, ошол мамлекеттин тиешелүү мекемелери тарабынан тергелет. "Бизде орус тарап менен кызматташуу жөнүндө эки тараптуу макулдашуу жок болгондуктан, Тергөө комитетине кайрыла элекпиз. Биз Орусиянын Башкы прокуратурасы менен иштешип жатабыз. Эгер тергөө учурунда бузуулар байкалса, тез арада жооп кайтарабыз", - деди Усманова.
Эскерте кетсек, 27-август күнү Москванын Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыгып, анын кесепетинен 17 адам каза тапкан. Алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан. Мындан улам басмакананын башкы директору Сергей Москвин жана ишкананын башкы инженери Антон Яцковго “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Сергей Москвин күнөөсүн мойнуна алып, укук коргоо органдарына өзү келген. Москва шаарынын Останкинский райондук соту аны 2 айга камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Бул убакыт аралыгында тергөө иштери жүрөт. Ал эми инженер Антон Яцков учурда издөөдө.