КСДП менен "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик комитеттин төрагасынын орунун талашып жатышат

Жогорку Кеңештин КСДП жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин төрагасы кызматына талапкерлерди коюшту. "Өнүгүү-Прогресстин" атынан депутат Тынчтык Шайназаров сунушталса, КСДПнын атынан депутат Асел Кодуранова көрсөтүлүүдө.

Айрым депутаттар Шайназаров аталган комитеттин мүчөсү болбогондуктан, комитеттин төрагалыгына анын талапкерлигин көрсөтүүгө мүмкүн эмес дешүүдө. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев регламентте мындай талап жок экенин айтты.

Бул маселе боюнча талкуу жүргүзүлүп, комитет мүчөлөрү Асел Кодуранованы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин төрайымы кызматына шайлоо маселесин жалпы палатада кароону чечишти. Эгер Тынчтык Шайназаров комитеттин курамына киргизилсе, анын да талапкерлиги комитеттин төрагалыгына карала турган болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан