Жогорку Кеңештин 14-сентябрдагы жыйынында депутат Аида Салянова Үңкүр-Тоонун айланасындагы болуп жаткан маселелер боюнча өкмөттүн маалыматын угууну талап кылды. Анын мындай сунушун "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев колдоого алып, тез арада Кыргыз мамлекети Өзбекстан менен болгон чек ара көйгөйлөрүн чечип алуусу керектигин айтты.
"Коңшу мамлекеттер: Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан чек ара маселелерин чечип алышкан, бир гана биз чече элекпиз. Акыркы 5-6 жыл аралыгында Өзбекстан менен бир метр жерди да чече элекпиз. Бакиев убагындагы 200 чакырым жер боюнча макулдашуудан Өзбекстан баш тартты. Бул баш тартуу кысымга жол ачат. Ошондуктан Орто Азиядагы өзгөрүүлөргө байланыштуу өкмөт чек араны чечип алуусу керек", - деди Текебаев.