Депутат коалициялык көпчүлүккө кирген фракция лидерлерин жыйынга чогулууга чакырды

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракция лидерлери жыйынга чогулушу керек. Бул тууралуу парламенттин 14-сентябрдагы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын пикиринде, коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялар сүйлөшүү жолу менен бир чечимге келиши зарыл. "Коалициялык көпчүлүк атайын аппараттын жардамы менен дем алып калды, "перезагрузка" кылышыбыз керек. Бүгүн төрт фракциянын лидерлери чогулуп, кийинки кадамдарыбызды аныктап алганыбыз туура", - деди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан