Мыйзамдуу түрдө каттоого тура элек жарандарга нике кыйган жактарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталууда

Жогорку Кеңеште өлкөдө үй-бүлө институтун бекемдөө максатында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору аркылуу Жарандык абалды каттоо кызматына каттала элек жарандарга нике кыйган жактарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушу киргизилүүдө. Алардын пикиринде, сунушталып жаткан чаралар эрезеге жете элек балдардын укуктарынын корголушуна түрткү берет.

"Бул бир гана кыздардын ден соолугуна же алардын жеке тагдырына эле тиешелүү нерсе эмес, баарыбызды ойлондурчу көйгөй", - дешти демилгечилер.

Статистикалык маалыматтарга караганда, аялдардын 15 пайызы 18 жашка толо элек курагында, ал эми 1 пайызы 15 жашка толо элек курагында күйөөгө чыккан. Евразия чөлкөмүндө турган 35 мамлекеттин арасында 15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргыз мамлекети 5-орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан