Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-сентябрда Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланганы маалым болду.

"Абдулазиз Камилов өзбек тарап позитивдүү маанайда, өз ара сыйлашуунун жана кошуналык салттардын негизинде кыргыз-өзбек мамилелеринин бүтүндөй комплекси боюнча активдүү ишти баштоого даяр экенин билдирди. Тараптар эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө кызыкдар экенин жана эки өлкө ортосундагы маселелерди конструктивдүү диалог жолу менен чечүүгө олуттуу саясий маанайдын бар экенин бекемдешти", - деп жазылган маалыматта.

Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов президент Алмазбек Атамбаевге Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзийоевдин саламын жана чын жүрөктөн чыккан каалоолорун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан