Садык Шер-Нияз "чет өлкөдө иштеп жаткан жарандарыбыздын жарымы кулчулукта" деп ачууланды

Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында комитет төрагасы Садык Шер-Нияз мигранттардын көйгөйүнө токтолуп, миграциялык абалга нааразы болду. Депутат балдарга татыктуу тарбия берүү эң маанилүү экенин баса белгиледи.

"Биз балдарга бала бакчада, мектепте татыктуу тарбия беришибиз керек. Азыр татыктуу тарбия бербесек, 10 жылдан кийинки кулдарды даярдайбыз. Иш издеп чет өлкөгө кетип жаткан жарандарыбыздын баары жаш, ден соолугу чыңдар. Алардын жарымы кулчулукта. Аларды кулчулукка өзүбүздүн эле жарандар тартып жатышат", - деп айтты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учурда чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 1 миллиондон ашык. 2016-жылы Орусияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттардын саны расмий каттоодо 570 миң болсо, расмий эмес маалыматтар боюнча 700-800 миң болгон. Ал эми Казакстанда 80 миңди түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан