"Жүрөгү ооруп, Нью-Йоркко барбай калды" делген Атамбаев Стамбулдагы мейманканада эс алганы маалым болду

"Жүрөгү ооруп, Нью-Йоркко барбай калды" делген президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Стамбул шаарындагы мейманканалардын биринде эс алганы маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда "Хаберлер" түркиялык басылмасы жазып чыкты.

Айта кетсек, кечээ, 19-сентябрда кечинде президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Мындан улам президент Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышпай тургандыгы маалымдалган. Президенттик аппараттын билдирүүсүнө караганда, Бишкектен Нью-Йорк шаарына сапары учурунда кыргыз делегациясы Ататүрк атындагы аэропортко конууну пландаган.

Бул окуя интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Атамбаевдин ооруп калганына ишенбеген интернет колдонуучулар "бул элдин аёо сезимин козгош үчүн атайын жасалган трюк", "Эмне үчүн Түркияга жеткенде ооруп калды? Саясий оюн" дешсе, боору ооругандар "ажобуз сакайып кетсин" деген каалоолорун айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан