Депутат Чолпон Жакупова Өмүрбек Текебаев менен Эдил Байсаловдун кайрылуусу боюнча талкуу өткөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин жыйынында депутат Чолпон Жакупова "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен коомдук ишмер Эдил Байсаловдун атынан Жогорку Кеңешке комиссия түзүү боюнча кайрылуу келгенин айтып, алардын өтүнүчүн колдоого алуу керектигин белгиледи. "Биздин комитет адам укугу боюнча келген кайрылууну кароого милдеттүү. Биз алардын өтүнүчүн четке кага албайбыз, карап чыгышыбыз керек. Кайрылууну талкууга коёлу. Социалдык түйүндөрдү карасаңыздар талкуу күчөп жатат, бирок Жогорку Кеңеш жымжырт отурат", - деди Жакупова.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов талкууга алууга жана комиссия түзүүгө каршы чыкты. "Ар бир билдирүү боюнча эле комиссия түзүү биздин милдет эмес, биз муну менен алектенбешибиз керек. Президент прокуратурага тапшырма берди, текшерип чыгышсын, күтөлү", - деди Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан