Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев артынан 5 унаа менен белгисиз адамдар аңдып жүрүшкөнүн бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин жыйынында айтты. Депутат алар кылмышкерлер болушу мүмкүн деп кооптонуп жатканын белгиледи. Ошондой эле комиссия түзүү боюнча өтүнүчүнө каршы чыккан Иса Өмүркуловго кайрылып: "Сиз "Кадыржан Батыровду качырып жибергендер боюнча укук коргоо органдары карайт" деп жатасыз. Эмне үчүн менин артымдан 5 унаа ээрчиши керек? Мен фракция лидеримин. Эмне, Атамбаевге каршы айткан адамды артынан аңдытыш керекпи? Мени ээрчигенден көрө башка кылмышкерлерди ээрчишсин. Бирок эмнеге аңдып жүргөнүн билип коюшубуз керек, балким, алар кылмышкерлер... Курманбек Бакиев сизди камата турган болгондо жаныңызда мен болгом. Мен "мени коргоп алгыла" деген жокмун, бирок эч нерсе болбогондой карап отурганга болбойт", - деп айтты "Ата Мекендин" лидери.
Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Текебаевдин артынан аңдып жүргөндөр кимдер экени белгилүү жана унаалардын сүрөттөрү бар", - деди.
Иса Өмүркулов Башкы прокуратуранын жетекчилерин чакырып, бул боюнча маалымат алуу керектигин ортого салды. "Эгерде артыңыздан түшүп жатышса, бул жерге укук коргоо органдарын чакыралы. Мен болгону Эдил Байсаловдун кайрылуусу боюнча комиссия түзүүнүн зарылчылыгы жок деп жатам", - деп билдирди.
Комитет мүчөлөрү Башкы прокуратуранын маалыматын угууну жыйындын күн тартибине киргизишти.