УКМК Өзбекстанга барып Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө каршы видеокайрылуу даярдоосу боюнча маалыматты четке какты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө каршы видеокайрылуу даярдоосу боюнча маалыматты четке какты. УКМКнын жетекчисинин орун басары Дүйшөнбек Чоткараев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин отурумунда билдиргендей, УКМК кызматкерлери Өзбекстанга барган эмес жана эч кандай массалык камакка алууну жүргүзбөйт.

"Биз мындай ишке барбайбыз, ансыз да жасай турган жумуштар көп. Бул биздин мекемени каралаган иш. Эгерде маалыматты текшерүү керек болсо, прокуратурага кайрылыңыздар", - деди Чоткараев.

Айта кетсек, кечээ, 19-сентябрда коомдук ишмер Эдил Байсалов маалымат жыйын өткөрүп, бийлик тарабынан каршылаштарды массалык камоо тапшырмасы берилип жатканы боюнча айткан. Ошондой эле "Фергана ньюс" агенттиги УКМКнын өкүлдөрү Өзбекстанга барып, Июнь окуясы үчүн айыпталып соттолгондор менен жолугушуп, аларга Эдил Байсалов менен Роза Отунбаевага каршы видеокайрылуу жасоо сунушун беришкенин жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан