КҮНСЕРЕП: 1-октябрга чейин тайм-аут

Бүгүн, 20-сентябрь, күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди эс-учун жоготкон абалда “Тез жардам” кызматы Түркиянын Стамбул шаарындагы “Ататүрк” аэропортунан алып кеткени тууралуу видео интернетке тарады. Видеону "Хаберлер" маалымат агенттиги чыгарды. Кечээ, 19-сентябрдын түнүндө президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Расмий маалыматтарга караганда, учурда ажонун абалы канааттандырарлык, бирок медициналык кароодон өтүү талап кылынат. Буга байланыштуу өлкө президенти кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүнө чыкканы кабарланды. Азырынча 1-октябрга чейин деген маалымат таратылды, андан аркысы белгисиз.

Алмазбек Атамбаевдин мындай абалы пландалып жаткан айрым иштерди убактылуу токтото турууга алып келиши мүмкүн. Мисалы, кечээ коомдук ишмер Эдил Байсалов тараткан маалыматтар боюнча. 2010-жылы Убактылуу өкмөттө аппарат башчылык кызматын аркалаган Эдил Байсалов кыргыз чекисттери бийликти катуу сынга алып жаткан Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн 2010-жылдагы Июнь каргашасы боюнча жасалма көрсөтмөлөр менен айыптап, камакка алууга кам көрүп жаткандыгы тууралуу маалыматы бардыгын жарыялаган. Байсалов “Фергана.ру” агенттиги жазган маалымат боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүп, иликтөөнү суранган. “Фергана.ру” агенттиги Кыргыз улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын аттуу-баштуу кызматкерлери өлкөдөгү өзбек коомчулугунун активисттерин Июнь каргашасы боюнча Роза Отунбаевага каршы көрсөтмө берүүгө көндүрүүгө аракет кылып жатышканын жазып чыккан. Атүгүл ушул максат менен УКМКнын чекисттер тобу сентябрдын башында экс-депутат Бөрүбай Жураевди кошуп алып Ташкентке барып, Кыргызстандык өзбектер коомчулугунун активисттери, Июнь окуясына айыпталып, сыртынан соттолгон Каромат Абдуллаева, Иномжон Абдирасулов, Жалалиддин Салахутдинов жана башкалар менен жолугушууларды өткөргөнүн жазган. Эдил Байсалов аталган басылма жөнү жок нерселерди жаза бербесин айтып, "бул маалыматтардын чын-бышыгын депутаттык комиссия иликтеп чыгышы керек, ал үчүн депутаттык комиссия түзүлүшүн суранам" дейт. Өмүрбек Текебаев болсо өзүнүн артынан 5 машинада бейтааныш адамдар аңдууга алып жүргөнүн жарыялады. Өмүрбек Текебаев менен Эдил Байсаловдун кайрылуусун талкууга алуу керектигин депутат Чолпон Жакупова сунуштап чыкты. Депутат айымдын бул сунушуна КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун жообу таң калтырды. "Ар бир билдирүү боюнча эле комиссия түзүү биздин милдет эмес. Президент прокуратурага тапшырма берди, текшерип чыгышсын”, - деди Өмүркулов. Кечээ маалымат жыйынында Эдил Байсалов: “Фергана.ру” дайыма тыкыр текшерүүдөн өткөн маалыматтарды жарыялайт, УКМКнын аракеттери тууралуу маалыматты Жогорку Кеңеш бүгүндөн калбай депутаттык комиссия түзүп иликтеп чыгышы керек. Иликтөөнү УКМКга же прокуратурага тапшыруунун мааниси жок. Алмаз Шаршенович, Фарид Абилезимович, биз сиздердин прокуратураңыздарга, мамлекеттин эмес, Атамбаевдин коопсуздугун коргоо комитетине ишенбейбиз”, - деген. УКМК “бул Эдил Байсаловдун оорулуу фантазиясы” деген кыска төгүндөө менен чектелди, бирок коомчулукта суроо ачык бойдон калды. Эдил Байсаловдун сөзүн оорулуу фантазия десек, “Фергана.ру” басылмасы жазып чыккан маалыматты эмне дейбиз? Аны да басылманын фантазиясы дейбизби? Бул басылма жөнү жок маалыматтарды жарыялай бербесине жакында гана жалпыбыз күбө болгон жок белек? Ислам Каримов каза тапкандыгын бул басылма 29-август күнү жазып чыккан. Ал маалымат чындык болуп чыкпадыбы...

Адатта “депутаттык комиссия түзөлү, иликтейли” деп чамынып чыкчу эл өкүлдөрү акыркы күндөрү олуттуу окуяларга кулак жапырып отурушат. Депутаттык комиссия Эдил Байсалов кайрылган иш боюнча эле эмес, Кой-Таш айылындагы талкууга түшүп жаткан 2,7 гектар жер боюнча да түзүлүшү керек эле.

2008-жылы “Артстрой-Дизайн" деп аталган фирма аркылуу мамлекеттик “Дастан” заводунун Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында жайгашкан 3 гектарга жакын жерин Максим Бакиев ээлеп алган. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин бул жер Бакиевдердин ээлигиндеги мүлктөрдүн катарында улутташтырылышы керек эле. Бирок ал улутташтырылуучу мүлктөрдүн тизмегине негедир кирбей калган да, “Дастан” мамлекеттик ишканасына сот аркылуу кайтарылган. Кечээ Өмүрбек Текебаев аталган жер кандай схемалар аркылуу колдон-колго өтүп отуруп президенттин менчигине айлангандыгын жарыялады. “Дастан” заводунун Директорлор кеңешинде да, башкаруусунда да Алмазбек Атамбаевге тиешелүү “Автомаш” компаниясынын өкүлдөрү бардыгы, аталган жерди сатыкка чыгаруу мына ошол адамдардын жана учурдагы Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун катышуусунда ишке ашкандыгын жар салды. “Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов "аталган жер аукцион аркылуу сатылган, эч кандай коррупция же мыйзам бузуу болгон эмес" деп "Акипресске" комментарий берди. Бирок анын аукцион тууралуу комментарийи бир аздан соң өчүрүлдү, анткени эч кандай аукцион болгон эмес... Президенттик аппарат шашып калды... Албек Ибраимов “Дастан” жабык акционердик коомунун башкармалыгынын жетекчиси болуп турганда 2012-жылдын 6-апрелинде Директорлор кеңеши аталган жерди сатуу боюнча чечим кабыл алат. 11-апрелде, 5 күндөн кийин Укуев деген жаран ал жерди сатып алат. 2012-жылдын 6-апрели жума күнгө туш келген. 7-8-апрель иш күндөрү эмес. Жерди сатуу боюнча сынактар жобо боюнча гезитке жарыяланышы керек. Сынакка катышуучулардан арыздар келип түшөт, анан сынактык комиссия чечим кабыл алат. Тартип боюнча ушундай. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Сарпашевдин айтымында, 2 күндүн ичинде, 9-10-апрель күндөрү аталган жерди сатуу боюнча 3 сынак өтүптүр. Бүгүнкү күнгө чейин ал сынак тууралуу кайсы гезитке жарыя чыкканын, сынактын жобосун, комиссиянын отурумунун протоколун бизге бере албай жатышат. Анан бир күндөн кийин Мамлекеттик каттоо кызматы жердин күбөлүгүн Укуевге берип койгон. Ал жерди Албек Ибраимовдун аялына сатат, андан президент сатып алат... Мына ушундай маалыматтардан кийин иштин мыйзамдуу болгонуна ким ишенет?” - деген суроо койду Текебаев.
Мындай суроолор бир гана “Ата Мекендин” лидерин эмес, бүткүл коомчулукту түйшөлтүп турган кези. Бир кезде Максим Бакиев ээлик кылган мүлктүн президент Алмазбек Атамбаевден табылышынын өзү эле коомчулукка жагымсыз маалымат болгон. Жогорудагыдагы маалыматтардан соң суроолор ого бетер көбөйдү. Ажонун Максим Бакиев ээлик кылган жерге хан сарай салып жатканы тууралуу маалымат коомчулукка белгилүү болгон соң Өмүрбек Текебаевге Кой-Таш айылынын тургундары келип, териштирүү жүргүзүп кетишти. Алар “президенттин бул ишин ким ачыктап койгонун” айтууну талап кылышты. Депутатка бул маалыматты ким жеткиргени билинсе, Кой-Таш айылынан келген бул өкүлдөр эмне кылышмакчы? Мындай суроонун жаралышы мыйзам ченемдүү. Атамбаевдин ишин айтып салдың деп ал адамды айылдан кууп чыгышабы?.. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушууларда Келдибековдун, Ташиевдин тарапташтарын көп жолу сынга алган. Алардын айылдаштары, аксакалдар, Баатыр энелер келип “азаматсың, коррупция менен күрөшүп жатасың, мыйзам бузуулар менен күрөшүп жатасың, бирок биздин айылдын баласына тийбей эле кой деп суранышат" деп сынга алчу ажо. Жогорудагы окуя дал ушундай эле көрүнүш болду. Учурда интернеттеги социалдык тармактарда, форумдарда мындай талкуулар кызуусунда...

Алмазбек Атамбаев капыстан кармаган жүрөк оорусунан улам Нью-Йоркто өтчү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышпай калды. Бирок аталган сессия кыргыз мамлекетинин өкүлүсүз өткөн жок. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун төрагасынын чакыруусу менен экс-президент Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун сессиясында баяндама жасаары белгилүү болду. "Алмазбек Атамбаевдин БУУнун жыйынына барбай калышына Роза Отунбаеванын жыйынга чакырылганы да себепчи болдубу?" деген суроо бүгүн көп талкууланган суроолордун бири болду. Интернетке тараган видеодо өлкө башчысы чындыгында эле дарыгерлердин жардамына муктаж болгондугу көрүнүп турат. “Хаберлер” түрк басылмасынын маалыматына карганда, өлкө башчысы дарыгерлердин текшерүүсүнөн соң Түркиянын Измир курорттук шаарындагы мейманканалардын бирине жеке учак менен учуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан