Кепилдик фонддорунун жоопкерчилиги жогорулатылат

Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоору кепилдик фонддор чөйрөсүндөгү нормативдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана чыңдоо, насыялык ресурстардын ишкерлерге жеткиликтүү болушун кеңейтүү, бул жагындагы мамилелердин бардык катышуучулары үчүн тобокелдиктерди азайтуу, колдо бар жумуш орундарын жоготпоо, жаңы жумуш орундарын түзүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат:

- кепилдиктерди бергенде кепилдик фонддун жоопкерчилигин 30 пайыздан 50 пайызга чейин жогорулатуу;

- бир кардарга кепилдиктин суммасын 5 пайыздан 10 пайызга чейин жогорулатуу;

- жеке жана юридикалык жактардын уставдык капиталындагы катышууну 20 пайыз менен чектөөнү алып салуу.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан