Балдарга карата кордук көрсөткөндөрдү 10 жылга чейин камакка алуу каралууда

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жашы жете элек балдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш кылууну токтотуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Мыйзам долбооруна ылайык, балдарга катаал мамиле жасагандарга 3 жылдан 7 жылга чейин, ден соолугуна оор зыян келтиргендерге 6 жылдан 10 жылга чейин жаза берүү каралган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы балдарга карата оор кылмыш жасап, камалган кылмышкерлер өзүнчө кармаларын жана аларга мунапыс колдонулбай турганын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан