Абакта жаткандарга тыюу салынган буюмдарды киргизүүдө айып пулдун көлөмү жогорулатылат

Абакта жаткандарга тыюу салынган буюмдарды киргизүүдө айып пулдун көлөмү жогорулатылат. Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бул багыттагы мыйзам долбоору каралды. Бул мыйзам долбоору боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров баяндама жасады. Долбоордун концепциясы Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 394-беренесинде каралган администрациялык укук бузгандыгы үчүн салына турган айыптын суммаларын көбөйтүү максатында иштелип чыккан. Жапаров мыйзам долбоорун алып чыгуу себебин акыркы мезгилде түзөтүү мекемелеринде жана СИЗОдо кармалган адамдарга тыюу салынган буюмдарды киргизүү күчөп кеткендиги менен түшүндүрдү.

Жапаровдун билдиришинче, укук бузуулар үчүн айып төлөөнү жогорулатуу жарандар жана юридикалык жактар тараптан тартиптин чыңалышын күчөтөт, аны менен Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун ишинин натыйжалуулугу жогорулайт. Долбоордо жарандарга тыюу салынган заттарды конфискациялоо менен элүү эсептик көрсөткүчкө, юридикалык жактарга тыюу салынган буюм-заттарды жана заттарды конфискациялоо менен бир миң эсептик көрсөткүчкө чейин администрациялык айып салуу сунушталууда.

Талкууда депутаттар бул мыйзам долбоорунун иштеп кетүүсү, аракеттеги айып пул менен эле 2015-жылы 2 миңден ашуун тыюу салынган буюм-тайымдар алынып, 2 миллион сомдон ашуун айып пул чогулгандыгы белгилүү болуп, айып пулдун көлөмүн жогорулатуу маселесин колдоо боюнча пикирлер айтылды.

Мыйзам долбоорунун концепциясы 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан