Каныбек Иманалиев: "Мигранттар байкуштар эмес, алар инвесторлор"

"Мигранттар байкуштар эмес, алар инвесторлор", - деген пикирин бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

"Бишкектеги үйлөрдү сатып алып жаткандардын 90 пайызы, Ысык-Көлгө эс алып жаткандардын 50 пайызы, Ош жана Бишкектеги аэропорттордон чет өлкөгө учуп кетип, учуп келип жаткандардын 90 пайызы кыргыз мигранттары", - деди Иманалиев. Депутат өкмөткө кайрылып, мамлекет чет элдик инвесторлорго кандай мамиле жасаса, чет өлкөдө иштеп жаткан кыргыз мигранттарына да ошондой мамиле жасоону талап кылды.

Андан сырткары депутат Орусиянын бир катар шаарларында Кыргыз мамлекетинин консулдуктары жок экенин айтып, ошол жактардагы активдүү мекендештер менен байланышып иштешип турууга чакырды. "Орусиянын ондогон шаарларында консулдук жок. Ошол жерде иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын лидерлерине эле "ардактуу консул" деген макам берип койгулачы. Аларга айлык төлөп берүү же унаасына май куюунун кереги жок, өз каражатына эле иштеп берүүгө даяр болгондор бар", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан