Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттү сынга алды. Депутаттын айтымында, өкмөттүн иштебей жаткандыгынан улам парламенттин дарегине коомчулук тарабынан нааразычылыктар айтылууда. Ал өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып: "Өзбекстанда Кыргыз өлкөсүнүн 4 жараны камакта отурганда, өкмөт мүчөлөрү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жол тандабас унаалар менен барышып, бизге сөз тийгизишти. Депутаттардын айрымдары эле барса, өкмөттүн бардык мүчөлөрү ошол оюндарда болгон. Эч кандай жумуш аткарылбай жатат. Сооронбай Шарипович, 5 ай мурун чек ара көйгөйүн чечүү үчүн "бизге чек ара маселелери боюнча вице-премьерлик кызмат орун ачыш керек" дегениңизден колдоп бергенбиз. Бирок вице-премьериңиз "Талас облусуна такыр бара элекмин" деп айтып жатат. Бул эмне, түштүк жергесине эле вице-премьерби?" - деп сурады.
Эскерте кетсек, буга чейин да депутат Кожобек Рыспаев II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына депутаттар автобус менен, ал эми чиновниктер жеңил унаалары менен барышканы үчүн нааразы болуп чыккан.