Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө иш издеп жүрүшкөнү үчүн чиновниктерди жана депутаттарды күнөөлөдү

Депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын жарандарынын 25 жылдан бери чет өлкөдө иш издеп жүрүшкөнү үчүн чиновниктерди күнөөлөдү. Жыйында миграция, чек ара, жол кырсыктары жана "Коопсуз шаар" долбоору боюнча маселе талкууланып жаткан. "Жарандарыбыз чет өлкөдө бекеринен жүргөн жери жок, иш издеп жүрүшөт. Мындай кырдаал өлкөдө экономикалык шартынын жоктугунан улам болуп жатат. Буга бул жерде отурган биз күнөөлүүбүз. Ал эми жол кырсыктары боюнча айтсам, жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Анда унааны мас абалда айдап бара жаткандарды 5 жылга унаа айдоо укугунан ажыратуу, экинчи ирет кармалса, унаа айдоодон таптакыр эле ажыратып салуу каралган. Эгерде МАИ кызматкери бошотуп жиберсе, анын бул тармакта иштөөсүнө тыюу салуу зарыл", - деди Жапаров.

Мындан тышкары айрым депутаттар өлкөдө жумуш орундарын түзүүнү өкмөттөн талап кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан