Өкмөттүк орган жарандарга курттаган ун сатып жатабы? Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов ушундай маселе көтөрдү. "Мамлекеттик материалдык резерв фондундагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалыматтар чыгууда. Көрсө, фонд курттаган унун 16 сомдон сатып жатыптыр. Өкмөт бул маалыматты уктубу-жокпу билбейм. Фонд курттаган унун карылар үйлөрү менен жетим-жесирлерге сатат экен. Азыр анын кампасында дагы 70 тонна ун калды деген маалымат бар. Өкмөт муну тезинен токтотуп, кылдат иликтөө жүргүзүү менен күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу зарыл", - дейт депутат.